!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Жашыл кийимчен адамдар: жарык чагылдыруучу жилеттер тууралуу сүйлөшөбүз


Жарык чагылдыруучу жилет деген эмне жана ал адам өмүрүн сактап кала алабы?

Бул жилеттерди унаада алып жүрүү керекпи? Мындай жаңычылдык киргизүүнүн өзү туурабы? Ушул суроого жооп издөөгө аракет кылалы.


Жарык чагылдыруучу жилетти айдоочулар менен жүргүнчүлөр унаа жолдорунда жүрүүдө коопсуздукту сактоо үчүн колдонушат.

Айдоочу түнкүсүн же, аба–ырайы начар учурда, машинеси бузулуп же, дөңгөлөк алмаштыруу үчүн унаадан чыгышы керек болсо, мындай жилет анын өмүрүн сактап кала алат!

Жарык чагылдыруучу жилет кийбей, кадимки кийим менен жүргөн айдоочу алыстан көрүнбөйт. Бул учурда, жолдо катуу ылдамдык менен келе жаткан  айдоочулар машиненин жанында турган адамды жөн гана байкабай калышы мүмкүн.


Саатына 50-60 чакырым ылдамдык менен келе жаткан айдоочуга жилет кийип турган адам 200 метр аралыктан көрүнөт. Салыштыруу үчүн алсак, кара кийимчен адамды болгону - 30 метрден, ал эми ак кийимчен кишини 37 метрден байкоого болот.

Айдоочу реакциясы адатта 1 секундду гана талап кылат. Саатына 60 чакырым ылдамдык менен келе жаткан унаа 1 секундда 16 метр жүрүп коет. 60 чакырым/саатта тормоздун жолу кургак асфальтта 16 метрге барабар. Демек, унаа толугу менен токтошу үчүн, кеминде 32 метр керектелет. Биз жогоруда айттык – кара кийимчен адам 30 метр алыстыктан гана көрүнөт деп. Бул цифрага 1 секунддук реакция менен тормоз жолу да кирет.


Эгерде сиз жарык чагылдыруучу жилет кийип турсаңыз, караңгы болгонунан же, аба-ырайына карабастан, сизди алыстан жакшы көрүүгө болот. Демек, коопсуздуктун мындай чаралары толугу менен акталган, анын үстүнө жол жүргөн айдоочуларга жол боюнда турган унаа менен адамды көргөндө чара көрүүсү үчүн кошумча убакыт пайда болот.

Чет өлкөнүн тажрыйбасы учурда Россияда ийгиликтүү колдонулуп келет. Россиялык айдоочуларды унаада жарык чагылдыруучу жилеттерди алып жүрүүгө милдеттендирип жатышат. Мындай жилеттерди айдоочулар караңгыда машине белгисиз себептер менен токтоп калган учурда же жол-транспорт кырсыгында кийип алуусу кажет.


Бельгия, Италия, Норвегия, Австрия, Венгрия жана башка өлкөлөр айдоочуларды унаада жарык чагылдыруучу жилет алып жүрүүсүнө эбак милдеттендиришкен. Бул өлкөлөрдүн статистикасына таянсак, мындай жаңычылдыктан улам, түнкү жол кырсыктарынын курмандыктарынын саны 70 пайызга азайган.

Мындай жаңычылдык Кыргызстанга дагы керек.

Бирок, бул мыйзам биздин өлкөдө азырынча жок болгондуктан, айдоочуларга отургучтун алдында же, бардачокто жашыл жилет алып жүрүүнү сунуштайбыз. Жарык чагылдыруучу жилеттин баасы кымбат эмес, бирок ал сиздин жана сиздин жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап калууга жардам берет. Жилетти алгач кийип, андан соң жол боюна чыгуу керек. Унаа бузулган учурда, авариялык жарыкты күйгүзүп, авариялык токтогонду билдирген белгини коюп алууну унутпаңыз. Баарыңыздарга коопсуз жол каалайбыз! 

Поделиться