!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Патрулдук Милиция эле, эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп калды


Авто сүйүүчүлөр үчүн өтүп кеткен 2017-жылдын эң көрүнүктүү окуяларынын бири Патрулдук милициянын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык болуп кайра уюштурулганы болду (Мындан ары кыскача – Башкармалык).

Кайра уюштуруу Башкармалык тууралуу жаңы жобонун жана кызматкерлеринин жаңы формасын кабыл алуу менен масштабдуу өттү. Аны менен катар эле көптөгөн суроолор пайда болду.

Азыркы күнгө чейин башкы суроо – бул Башкармалыктын ишин уюштуруу боюнча жаңы инструкция кабыл алынганбы? Башкармалыктын кызматкери сиздин унааңызды токтотсо, кайсыл жоболорго ылайык аракеттенүү керек? 

Толгон-токой суроо. Бирок, биз аларга жоопторду билебиз жана сөзсүз сиздер менен бул тууралуу бөлүшөбүз.

 Азыркы тапта Башкармалыктын кандайдыр бир жаңы инструкциясы кабыл алынган эмес – юридикалык жактан дагы, иш жүзүндө дагы.

ИИМдин сайтында “Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын бөлүмдөрү тараптан жол кыймылына жана коомдук тартипке көзөмөл кылуунун эффективдүүлүгүн жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча Инструкцияны бекитүү тууралуу” ИИМдин Буйругунун долбоору жарыяланган. Укуктук базада жана Юстиция министрлигинин сайтында (КРнын укуктук маалыматтарынын борборлоштурулган банкы) мындай документ жок.

Бирок эң кызыгы, эски инструкцияны дагы эч ким жокко чыгара элек, б.а., ал юридикалык күчкө ээ. ТОКТОМ укуктук базасында бул документ юридикалык күчкө ээ экени көрсөтүлгөн, ал эми эски инструкцияны жокко чыгаруучу Ички Иштер Министрлигинин Буйругу кабыл алына элек.

Эгер бул инструкциялардын мазмунун айта турган болсок, анда экөө бири-бирине өтө окшош экенин байкаса болот.

 

 

Мисал катары инструкциялардан айрым үзүндүлөрдү келтирели:

----- 

Башкармалыктын жаңы инструкциясынан үзүндү:

Жагымсыз кесепеттерди алдын алуу үчүн кечиктирилбестен токтотууга зарыл болгон учурлардан башка, унаа каражаттарын жол көрүүсү чектелүү болгон жолдор бөлүгүндө, бурулушка чейин жана бурулуштан кийин, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кызматкери турган жерге каршы деп эсептелген кыймыл тилкесинде, өр жердин чокусунан мурун же кийин, жол кесилиштердин, өтмөктөрдүн алдында, темир жол аймагында жана башка кооптуу жерлерде токтотууга тыюу салынат.

Унаа каражаттарын токтотууга негиздер булар:

- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

- айдоочулар же жүргүнчүлөр тараптан жол кыймылынын эрежелерин бузуу;

- айдоочунун, жүргүнчүлөрдүн жол кырсыгына, административдик мыйзам бузууга, кылмышка тийиштиги бар экенин күбөлөндүрүүчү маалыматтын бар болушу;

- унаа каражатынын издөөгө салынышы же унаа каражатын мыйзамсыз максаттарга колдонуу боюнча маалыматтын бар болушу;

- күбө болуп калган айдоочуну же жүргүнчүлөрдү жол кырсыгынын, административдик мыйзам бузуунун жагдайлары тууралуу сурамжылоо зарылдыгы;

- кыймылды чектөө же ага тыюу салуу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин аткаруу;

- айдоочуну же унаа каражатын жол кыймылынын башка катышуучуларына же ИИБнын кызматкерлерине жардам көрсөтүүгө тартуу зарылдыгы;

----- 

ПМдин эски инструкциясынан үзүндү :

 

Унаа каражаттарын зарылдыгы жок токтотууга тыюу салынат.

Эскертүү. ПМдин кызматкерлерине унаа каражаттарын токтотууга тыюу салынат:

-        жол көрүүсү чектелүү болгон жолдор бөлүгүндө;

-        бурулушка чейин жана бурулуштан кийин, өр жердин чокусунан мурда же кийин;

-        жол кесилиштердин, өтмөктөрдүн алдында;

-        темир жол аймагында жана башка кооптуу жерлерде.

Жагымсыз кесепеттерди алдын алуу үчүн кечиктирилбестен токтотууга зарыл болгон учурларды эске албаганда.

Жарандарды текшерүүгө жана унаа каражаттарын токтотууга негиздер булар:

- Жол кыймылынын бардык катышуучулары тарабынан жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу;

- жарандардын, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн кылмышты жасоого, административдик бузууга же жол кырсыгына тийиштиги бар экенин күбөлөндүрүүчү маалыматтардын бар болушу (багыттык маалымат, кезметчинин, башка нөөмөтчүлөрдүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын маалыматы, визуалдык түрдө катталган жагдайлар);

- унаа каражатын мыйзамсыз максаттарга колдонуу тууралуу маалыматтын бар болушу (багыттык маалымат, кезметчинин, башка нөөмөтчүлөрдүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын маалыматы);

- жаранды жана жол кыймылынын катышуучуларын калыс-күбө катары тартуу зарылдыгы;

- башкаруу-тескеме аракеттерди аткаруу;

- жарандарды жана жол кыймылынын катышуучуларын жана алардын унаа каражатын жол кырсыгында же чукул кырдаалдарда башка жарандарга жана жол кыймылынын катышуучуларына же ИИБнын кызматкерлерине жардам көрсөтүүгө тартуу;

 

Көрүнүп тургандай эле, нормалар дээрлик бирдей.

 

Жыйынтык чыгарабыз: азыркы тапта КРдин ИИМде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыктын кандайдыр бир жаңы инструкциясы кабыл алына элек, бирок ПМдин эски инструкциясы дагы жокко чыгарылган эмес.

Автосүйүүчүлөр талаш учурларда ПМдин ЭСКИ ИНСТРУКЦИЯСЫНА таянып, аны колдонууга укуктуу. 

Ийгилик жана ылдамдык режимин сактоонун унутпаңыз!

*** 

     Калк түйүндөрүндө унаа каражаттарына саатына 60 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берилет.

     Калк түйүндөрүнөн тышкары жерлерде саатына 90 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта жүрүүгө болот.

     Стажы 2 жылга жетпеген айдоочуларга бардык жолдордо унаа каражаттарын саатына 70 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта башкарууга мүмкүн.

     Чанагында адамдарды ташып бара жаткан жүк ташуучу унааларга – саатына 60 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта.

     Механикалык унаа каражаттарын чиркеп алган унаа каражаттары үчүн – саатына 50 чакырымдан ашпаган ылдамдыкта.

Поделиться