!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Медициналык дарылар топтому, өрт өчүргүч жана авариялык токтотуу белгиси


Унаада дарыканалар топтому (аптечка), өрт өчүргүч жана авариялык токтотуу белгиси зарылбы? Унаада таяныч дөңгөлөкчөлөр болушу керекпи? Жана алардын бар-жоктугун текшерүүгө бирөө укуктуубу?

Мына ушуларга жоопту сиздер биздин макаладан аласыздар.

Бардык эле айдоочулар жол кыймылынын эрежесин окуган, бирок бир дагы ирет анда аптечка, өрт өчүргүч же авариялык токтотуу белгиси тууралуу эскертүүнү жолуккан эмес.

Алардын унаада болушу милдеттүүбү? Азыр айтып беребиз!

Ооба, чынында ЖКЭде айдоочу унаасында сөзсүз дарылар топтомун, өрт өчүргүчтү жана авариялык токтотуу белгисин салып жүрүшү керек деген нерсе айтылган эмес. Бирок ЖКЭде жолго чыгарда айдоочу унаа каражатын текшерип, анын техникалык абалын эрежелерге ылайык камсыздашы керек деген милдет көрсөтүлгөн. Бул нерсе Унаа каражаттарын колдонууга уруксат берүү жана кызматтык адамдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги жободо бекитилген.

Унаа каражаттарын колдонууга уруксат берүү жана кызматтык адамдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги жободо унаа каражаттарын колдонууга тыюу салуучу бузуулардын жана шарттардын ТИЗМЕСИ көрсөтүлгөн.

Мына ушул тизмеде айдоочу унаасында жогоруда аталган буюмдарды алып жүрүшү керектиги айтылат. Бул тизменин 7.7 бөлүмчөсүн көрөлү:

Унаа каражаттарын колдонууга төмөнкү шаймандар жок болсо тыюу салынат:

-- автобустарда, жеңил жана жүк ташуучу унааларда, дөңгөлөктүү тракторлордо медициналык дарылар топтому (аптечка), өрт өчүргүч, авариялык токтотуу белгиси (өчүп-жануучу кызыл фонарь);

--максималдуу уруксат берилген салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларда жана максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашкан автобустарда – артка кетүүгө каршы таянычтар (экиден кем эмес);

Мындан улам бардык унаа каражаттарда медициналык дарылар топтому, өрт өчүргүч жана авариялык токтотуу белгиси бар болушу керек деген жыйынтык чыгат.

Таяныч дөңгөлөкчөлөрдүн жеңил унааларда жана жол тандабастарда болушу милдеттүү эмес. Бул милдет максималдуу уруксат берилген салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалар жана максималдуу уруксат берилген салмагы 5 тоннадан ашкан автобустар үчүн гана каралган.

Унаада аптечка, өрт өчүргүч жана авариялык белгинин болушун Кыргызстандын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгынын кызматкерлери текшерүүгө укуктуу (буга чейин Патрулдук милиция).

Мындан тышкары, алар жогоруда саналган шаймандардын жок болушу үчүн айдоочуларды айып түрүндө административдик жоопкерчиликке тарта алат. Айып өлчөмү – 500 (без жүз) сом.  Белгилеп кетсек, айыптан тышкары жөн гана эскертүү каралган. Бирок бул ЖКККББнын кызматкеринин эрки.

КРнын ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгы тууралуу Жобого ылайык, ЖКККББнын кызматкерлери унаа каражаттарын жана жүктөрдү айдоочулардын же жүктөрдү коштоочу адамдардын катышуусу менен тинтүүгө укугу бар. Бул учурда сөзсүз тинтүүнүн протоколу түзүлүп, же административдик бузуу жөнүндө протоколдо тиешелүү жазуу түшүрүлөт.

Жолуңуз шыдыр болсун! Жана эсиңизге түйүңүз: унаада аптечканын, өрт өчүргүчтүн жана авариялык токтотуу белгисинин болушу адам өмүрүн сактап калышы мүмкүн!

 

Поделиться