!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Кантип аресте болбогон жана күрөөдө эмес унааны сатып алуу керек?

Бул макалада унаага салынган айрым чектөөлөр жөнүндө сөз болот.

Аларга: арест (камакка алуу), күрөө жана күрөөгө байланыштуу унааны сатууга тыюу салуу кирет. 

Алгач ар бир саналып өткөн терминдер эмнени түшүндүрөрүн тактап кетүү керек:

-- АРЕСТ коюуда мүлктүн ээсине же колдонуучусуна керектүү учурларда аны башкарууга жол берилбейт. Мындан тышкары, мүлктү тартып алышып, сактоого коюп коюшу мүмкүн. Арестти соттор, тергөөчүлөр, сот приставдары салат;

-- КҮРӨӨ – каржы же каржы формасындагы милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо үчүн мүлк ээлигин же башка буюмга укукту күрөөгө коюу;

-- Унааны САТУУГА ТЫЮУ САЛУУ – бул унаа ээси же колдонуучусуна аны башкарууга тыюу салуу. Мындай жагдай сүйлөшүлгөн (келишилген) милдеттенмелердин негизинде (мисалы, күрөө келишими) пайда болот; Тыюуну, мисалы, мамлекеттик нотариус сала алат.

Мисал келтирели: 

УНААНЫН АРЕСТТИ (Камакка алуу)

Тормозбек Азаматтан карызга акча алып, аны кайтаруудан баш тартууда. Азамат сотко доо-арыз жиберип, сот Тормозбектин унаасына арест коет, б.а., бул унааны камактан чыгарбай туруп, аны сатууга мүмкүн эмес жана аны каалаган убакытта ээсинен же колдонуучусунан тартып алуу ыктымал. Сиз бул арест жөнүндө унааны сатып алуу тууралуу келишим түзүп жатканда Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам департаментине барганда гана билип жатасыз. Сизге бул жөнүндө каттоочу айтат жана унааны сатуу боюнча Келишимди каттоодон баш тартат. Жыйынтык: аресттеги унааны сатып алуу жана каттоо мүмкүн эмес.

Демек, унаага алдын ала акча берип коюудан сак болуңуз! Кантсе дагы, акча берилгени боюнча (сумма көрсөтүү менен) унаа ээсинен тил кат жаздырып калыңыз.

Унааны сатып алуудан мурда ага арест коюлганбы же жокпу анын ээси же Ишеним кагаздын негизинде ээсинин атынан аракеттенип жаткан адам текшере алат.

КҮРӨӨ менен андан кыйыныраак.

Күрөө – бул мисалы, Тормозбек Азаматтан карызга акча алып, аны кайтарууга кепилдик берүү иретинде Азаматка күрөөгө унаасын коюп берет (күрөө келишимин түзөт). Б.а., эгер Тормозбек Азаматка карызын бербей калса, Азамат Тормозбектин унаасын өзүнө алып калат.

Мында маанилүү өзгөчөлүк – эгер эки тарап тең мамлекеттик нотариуста унааны САТУУГА ТЫЮУ САЛБАСА, же тыюу салганын ТКжАК департаментинде кабарлап койбосо (дал ушул орган унааларды каттайт), же каттоо-күрөө конторасында КҮРӨӨ келишимин каттабаса, күрөө жана тыюу жөнүндө маалымат Департаменттин маалымат базасына түшпөй калат. Натыйжада унаа күрөө алдында экенин сизге эч ким айтпайт. Сиз аны сатып алышыңыз мүмкүн, бирок кийин унаа сизден тартылып алынышы ыктымал. Ошондо дал сиз юристтерди жалдап, ар кайсыл инстанцияларга чуркап, күрөө жөнүндө билбегениңизди далилдөөгө мажбур болосуз. Тактап кетели: сатып алуу-сатуу келишими болгон күндө дагы унаанын күрөөсү сактала берет!

Эми күрөө же тыюу алдындагы унааны сатып алуу коркунучунан кантип кутулса болот?

Үч жол бар – алар 100% кепилдик бербейт, бирок күрөө менен унааны сатып алуу коркунучун бир топ төмөндөтөт:

1.Күрөөнүн бар-жоктугун https://zalog.gov.kg сайтында же күрөө-каттоо конторасына барып текшерсе болот. Белгилүү өлчөмдөгү акыга кызматкерлер сизге маалым кат жазып беришет. Анын баасы 100 сом. Тел.: 0(312) 61-01-03.

2. Күрөө жана тыюу салууну Мамлекеттик нотариуста текшерип алса болот. Анын дареги унаанын мамлекеттик каттоо күбөлүгүндө көрсөтүлгөн. Мисалы, мамлекеттик каттоо күбөлүгүндө «Бишкек шаары, Биричи май району, Байтик-Баатыр көч. – 00» деп жазылса,  демек сатууга тыюну Бишкек ш. Биринчи май районунун Мамлекеттик нотариусу салган.  Бирок эгер жеке нотариуста күбөлөндүрүлгөн күрөө келишими гана болсо жана анда тартып алууга тыюу салуу шарты көрсөтүлбөсө, сиз кайсыл жеке нотариуста келишим бекитилгенин билбесеңиз, унаада күрөө барбы –  билүү кыйын болот.

3. Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам департаментинде текшерип алсаңыз болот (“унааны арести” караңыз)

 

Этият болуп, шылуундардан алыс жүрүңүз!

Поделиться