!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

“Ишеним кагаз менен унааны сатып алууда” кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн?

Бул макала “Унааны ишеним кат (кагаз) боюнча сатып алса болобу?” (02/12/17) деген макаланын уландысы болуп саналат

Эске сала кетели: унааны Ишеним кагаз менен сатып алуу деген нерсе юриспруденцияда жок, ошондуктан биз аны чымчыкчага алып жатабыз.

Даро бир нече жагдайларды белгилеп кетели.

Эмесе, эгер сиз унааны “ишеним кагаз менен” сатып алсаңыз, анда төмөнкү нерселерге даяр болуңуз:

-- Сиз унаанын ээси эмес, убактылуу гана колдонуучусу болосуз (унаа ээси деп, анын техпаспортунда көрсөтүлгөн адам кала берет);

-- Унаанын чыныгы ээси Ишеним кагазды каалаган убакытта жокко чыгарышы мүмкүн (мындай аракеттер көз боёмоочулукта арбын колдонот);

-- Ишеним кагызын жазып берген адам өтүп кетсе (өлүм), Ишеним кагаз күчүн жоготот, ал эми көз жумган ээсинин туугандары унааны артка кайтарууну талап кылышы мүмкүң (антпеген күндө дагы сиз унааны кайра каттай албайсыз);

-- Унаа ээси карыз үчүн сотко берилип, ал эми унаага арест коюлушу мүмкүн, көңүл буруңуз: сот унааны тартып алууга же аны камакка алууга укугу бар;

-- Унаа кылмыш иши боюнча өтүп, тергөөчү ага арест коюшу мүмкүн;

-- Эгер унаа издөөгө салынса, же ага документтер жасалма болуп чыкса, унаа тартылып алынат;

-- Сиз Ишеним кагазда кайра ишендирүү укугу көрсөтүлгөндө гана аны ишке ашыра аласыз (анын үстүнө кайра ишеним кагазды каттоо нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылат);

-- Сиз унааны өзүңүңүзгө кайра каттай албайсыз;

-- Ишеним кагаздын мөөнөтү аяктаса же күчүн жоготсо, сиз ишеним көрсөтүүчүнү издеп-таап, кайрадан Ишеним кагазын түзүшүңүз керек; ал эми эгер ишеним көрсөтүүчү, мисалы, АКШга биротоло жашаганга кетип калса, ойлонуңуз, аны табуу оңой болобу?;

-- Эгер Ишеним кагазда сиздин сотто өкүл болуу укугуңуз көрсөтүлбөсө, сиз жол кырсыгынын күнөөкөрүнө арызданып, талкаланган унаа үчүн жөлөк пул талап кыла албайсыз;

-- Эгер Ишеним кагаз боюнча сатып алган унаа бузук же жашыруун кемчиликтери менен болсо, сизге унаа ээси (сатуучу) алдында кызыкчылыгыңызды коргоо кыйын  болот;

-- Ишеним кагаз боюнча сатып алууда унаанын баасы адатта көрсөтүлбөйт, андыктан талаш жаралганда же унааны кайтарууда төлөнгөн акчадан кол жууп калышыңыз мүмкүн ( сатуучудан жок дегенде унаа үчүн төлөнгөн акчанын суммасы тууралуу тил кат алып калуу керек, же унааны сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, анда сумманы көрсөтүү керек. Документти нотариустан күбөлөндүрүүнү унутпаңыз)

Эсте болсун! “Ишеним кагаз боюнча” унаа сатып алууда анын ээсинин өзүндө дагы көйгөйлөр жаралышы мүмкүн!

 

Мисалы:

-- Ишеним алуучу унааны кылмыштуу аракеттерде колдонсо, же жол кырсыгы болгон жерден качса, укук коргоо органдары унаа ээсин издеп, суракка алат;

-- Унаа анын ээсинин салык алынуучу базасында кала берет, андыктан унаага салыкты унаа ээси төлөп турат. Болбосо айыптар жана туумдар унаа ээсине чегерилет;

-- Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айыптарды дагы унаа ээси төлөшү керек.

 

Башкача айтканда, “Ишеним кагаз менен унааны сатып алуу” көптөгөн тобокелдер менен коштолот. Ойлонуңуз, сизге ушундай проблемалар керекпи? Мүмкүн, бир аз убакытты жана акчаны сарптап, унааны кайрадан каттоо оң? Азыр үнөмдөп калуу аракетинде сиз келечекте толгон-токой кыйынчылыктарга кабылышыңыз мүмкүн.

 

Кийинки макалада: Күрөөдөгү жана аресттеги унааны сатып алуудан кантип сактанса болот?


    Жана, албетте, ЖКЭ сактаңыз!

Макаланын автору:

Кузьмичев С.В.

 

 

2017 жылдын 15-августуна карата

КРнын аракеттеги мыйзамына ылайык

Поделиться