!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Унааны ишеним кат боюнча сатып алса болобу?


Эң алды менен “Ишеним кат менен унааны сатып алуу” деген юридикалык түшүнүк жок экенин белгилеп кетүү керек.

Сиз же 1) сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, унааны сатып аласыз, келишимди Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам департаментинде каттайсыз жана сиздин аты-жөнүңүз көрсөтүлгөн унааны каттоо тууралуу күбөлүктү алып, унаанын ээси болуп каласыз; же 2) унаа ээсинин кызыкчылыгынын атынан Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам департаментинде иш-аракет жасоого укук берүүчү Ишеним кат аласыз, үчүнчү жакка унааны сатууга (кайра каттоого) мүмкүнчүлүккө ээ болосуз (бир шарт менен – эгер Ишеним катта мындай укук берилсе, эгер берилбесе сиз унааны колдонууга жана ага ээлик кылууга гана укуктуусуз).

Ишеним кат деп, биздин мыйзамда бир жактын экинчи жакка өзүнүн атынан үчүнчү жактар алдында иш-аракет жасоого ыйгарым укуктардын кат түрүндө берилиши аталат. 

Ишеним каттын макималдуу мөөнөтү 3 жыл, б.а., андан аз убакытка берилиши мүмкүн, бирок андан ашык убакытка берилбейт. Эгер Ишеним катта мөөнөт көрсөтүлбөсө, Ишеним кат түзүлгөн убакыттан тартып 1 жылга күчүнө ээ болот. Түзүлгөн мөөнөтү көрсөтүлбөгөн Ишеним кат жараксыз.

Ал эми үчүнчү жакка өткөрүлгөн кайра ишендирүү иретиндеги Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү биринчи түзүлгөн Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтүнөн узак боло албайт. Мисалы, Ишеним кат 3 жылга берилсе, аны башка адамга өткөрүү үчүн кайрадан түзүлгөн Ишеним каттын жарактуулук мөөнөтү 3 жыл же андан ашык боло албайт. Мисалы, Ишеним кат 3 жылга берилди, 1 жылдан кийин ал үчүнчү жакка кайра катталды. Демек, акыркы түзүлгөн Ишеним кат (кайра катталган Ишеним кат) 2 жылга гана жарактуу болот.

Айта кетүүчү нерсе, ишеним кат алуучу, ишеним беруүчүнүн атынан өзүнө карата келишимдерди түзө албайт. Б.а., эгер, мисалы, Ишеним кат Сиздин атыңызга жазылган болсо, Сиз унааны өзүңүздүн атыңызга каттай албайсыз.

“Ишеним кат” боюнча унааны сатып алуу менен сиз жагымсыз жагдайларга туш болушуңуз мүмкүн: унаага акчаңызды берип, Ишнеим кат алгандан кийин аталган унаа Транспорттук каражаттар жана айдоочулук курам департаментинде арестте же күрөөгө коюлганы ачыкка чыгышы ыктымал.

Мындай “сюприздерден” алыс болуу үчүн эсиңизде түйүңүз – акча дайыма тил кат алдында берилет, ал эми Ишеним кат нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүшү керек.

Ишеним каттын күчү төмөнкү учурларда жоголот:

 

1)           Ишеним каттын мөөнөтү бүтсө (Жарактуулук мөөнөт Ишеним каттын өзүндө көрсөтүлөт);

2)           Ишеним берүүчу тараптан Ишеним каттын жокко чыгарылышы ( Ишеним катты берген унаа ээси каалаган убакытта, себепсиз Ишеним катты артка чакыртып алышы мүмкүн)

3)           Ишеним каттан ишеним алуучунун баш тартышы;

4)           Ишеним кат берген юридикалык жактын жоктугу;

5)           Ишеним берүүчүнүн өлүмү, анын жөндөмдүү эместигин таануу, чектелген жарамдуу деп таануу же дайынсыз жоголушу;

6)           Ишеним кат алган ишеним алуучунун өлүмү, анын жарамдуу эмес деп таануу, чектелген жарамдуу деп таануу же дайынсыз жоголушу;

 

Ишеним каттын токтотулушу менен аны башкага өткөрүү (кайра каттоо) дагы күчүн жоготот. Демек, сиз унааны кайра каттай албайсыз.

 

Эсиңизде болсун, унаага акча төлөп, ээсинен Ишеним кат алуу менен сиз талаш-тартыш чыккан учурларда унааны жөн гана убактылуу колдонууга албастан, аны сатып алганыңызды далилдөөгө аргасыз болосуз!

 

 

Эгер сизде ушул темада юридикалык мүнөздөгү суроолор пайда болсо, info@cars.kg дареги боюнча почтага жазыңыз.

 

Сапарыңыз байсалдуу болсун жана макала менен бөлүшүүнү унутпаңыз!

Макаланын автору:

Кузьмичев С.В.

 

 

2017 жылдын 15-августуна карата

КРнын аракеттеги мыйзамына ылайык

Поделиться